Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Өкмөт башчы Чычкандагы өрттү тез арада өчүрүүнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө ыкчам аракет көрүүнү тапшырды. Боронов жолугушуудан кийин дароо окуя болгон жерге жөнөп кетти.

ӨКМ маалыматында, учурда Чычкан капчыгайында өрт өчүрүүгө 500 ашуун өрт өчүрүү кызматкери тартылган. Бүгүн кошумча дагы 223 кызматкер тартылды. Ошондой эле өрттү өчүрүүгө көмөктөшүү боюнча жергиликтүү калкты мобилизациялоо тапшырмасы Токтогул райондук мамлекеттик администрация жетекчилигине берилди.

Адистердин эсебинде, Бишкек-Ош жолунун боюндагы 60 гектарга жакын жерде кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өрт табигый катаал шарттардан улам техниканын жардамысыз, кол менен өчүрүлүүдө. Өрт күндүн ысышынан улам жаңы аймактарга жайылууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG