"Замандаш” партиясы бүгүн, 19-августта өткөн курултайында талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Тизмени партиянын негиздөөчүсү, маркум Муктар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева баштайт. Андан ары тизмени Гапар Исаев, Замир Бекбоев, Кадырбек Бусурманкулов, Асел Атабекова улайт.
Буга чейин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата журт”, “Бир бол”, “Ар-намыс”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-прогресс”, “Азаттык” жана “Мекен ынтымагы” партиялары курултайларын өткөрүп, тизмелерин жарыялашкан. Парламентик шайлоо 4-октябрда өтөт. (UEz)