Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Сержант Бэйлс боюнча жаңы фактылар жарыяланды


Сержант Бэйлс (солдо) сот учурунда. Вашингтон, 19-август 2013
Сержант Бэйлс (солдо) сот учурунда. Вашингтон, 19-август 2013

Эки жыл мурда 18 ооганды, анын ичинде 7 баланы атып өлтүргөн америкалык солдат каргаша алдында өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Бирок эч ким аны кылмыш жасайт деп ойлобогон деп тыянык кылышты аскер тергөөчүлөрү.

Сержант Роберт Бэйлс “кандуу калабадан” бир ай мурда арак ичүүгө тыюу салынганына карабай мас болуп алып, ооган шопурга кол көтөргөн. АКШнын Борбордук командачысы 18-августта жарыялаган билдирүүдө алдагы окуялардан тышкары да Бэйлс бир ирет шериктерине ооган солдатка “адам эмес” деп ок чыгарганын жана “оогандар менен ирактыктарды эсепке албаганда” ал өзүн расист деп санабасын айткан соң командирлери Бэйлстин жүрүм-турумуна көңүл бурушкан эмес.

Роберт Бэйлс өмүр бою эркинен ажыратылып, азыр абакта.

XS
SM
MD
LG