Ооган өкмөтү Пакистандын элчисинен 18-августта болгон куралдуу калаба боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Ооганстандын Кунар провинциясынын аймагын Пакистан аскерлери артиллериялык куралдардан аткылаганда, 8 ооган чек арачы набыт болгон. Мындай аракеттер токтотулбаса, өз ара байланышка зыян келтирет, деп айтылат Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин соңку билдирүүсүндө.
Бүгүн Кабылда Күнкорсуздук күнүнө арналган демонстрация катышуучулары Кунар провинциясын артиллериялык куралдардан аткылоого байланыштуу Пакистанга нааразалык билдиришти.