Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Маматалиев: Кыргызстан Өзбекстан чек ара келишим долбоорун талкуулоого даяр


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишимдин долбоору даярдалып жатат.

- Биз аталган келишимди коңшу өлкө менен талкуулоого даярбыз. Кечээ элчини кабыл алганда ушул маселени өзбек бийлигине жеткирүүнү өтүндүм,- дейт А. Маматалиев.

18-августта А. Маматалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен жолуккан. Жолугушууда эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу маселеси талкууланган.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. .

XS
SM
MD
LG