Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Орусияда КМШ өлкөлөрүнүн аскердик машыгуулары өтүүдө


Орусиялык аскерлер Чеченстандын чек арасындагы Серноводск полигонундагы маневр учурунда. 19-март 2015
Орусиялык аскерлер Чеченстандын чек арасындагы Серноводск полигонундагы маневр учурунда. 19-март 2015

Москва облусунда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин аба күчтөрүнүн машыгуусу өтүүдө. Буга байланыштуу 20 авиа жана зениттик-ракеталык бөлүк күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлүп, машыгууга 1 миң ашуун аскерлер катышып жатканын Орусия коргоо министрлиги ырастады.

Маалымдалгандай, машыгуунун биринчи этабы бүткөндөн кийин аскерлер куралдары менен кошо Орусиянын түштүгүндөгү Ашуглук полигонунда биргелешеип аракеттенүүнү улантышат.

Аскердик чогуу-чаран иш-чаралар 18-августта башталып 11-сентябрда аяктайт. Ага Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын аскерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG