Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Чычкандагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учак чакырылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов журналисттер менен болгон он-лайн жолугушуу учурунда билдирди.

- Казакстанга Ми-8 тик учагын жардам берүү боюнча кайрылуу жиберилди. Эки тонна суу чачууга ылайыкташкан тик учак бир гана Казакстанда бар, - деди Боронов.

Мындан сырткары авиакеросин ташууга Коргоо министрлигинин тик учагы тартылат. Учурда 120 гектар жер өрттөнүп, тилсиз жоого каршы 700дөн ашык адам тартылган. Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августтан бери уланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG