Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Бакуда журналист Исмаилованын соту кайра уланды


Хадижа Исмалова
Хадижа Исмалова

Бакуда өткөн соттук угууга журналисттер мурдагыдай эле киргизилген жок. Бир нече журналист шаардык соттун жанында “Хадижага эркиндик!” деп кыйкырышты. Журналист салык төлөгөн эмес, акча уурдаган жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Адам укугун коргоочу уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Исмаилова саясый жүйөдөн улам соттолууда деп эсептейт.

Сот 18-августта күбө деп катталган адамдардын көрсөтмөлөрүн кайра угуу, Исмаиловага күнүнө эки саат тыныгуу берүү жана адвокаттар менен сүйлөшүү үчүн бир жума берүү тууралуу өтүнүчтү четке каккан.

“Азаттык” радиосу менен кызматташкан 39 жаштагы Исмаилова бийликтеги коррупцияны иликтеген материалдары үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

XS
SM
MD
LG