Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Премьер шаар активдери менен Бишкек көйгөйлөрүн талкуулайт


Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Бишкек мэриясында шаар активдери менен жолугуп, калаадагы жол проблемасын талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Андан сырткары борбордогу социалдык көйгөйлөрдү угуп, аны жоюу маселеси боюнча пикир алмашуу болот.

Т. Сариев өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган кезде Бишкектин жолдорун сынга алып, мындан ары жума сайын шаар кыдырып жолдордун абалына байкоо салып турарын эскерткен.

Ушул күндөрү Бишкекте жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Ага карабай коомчулукта жолдордун абалына нааразылык күч. Ошондой эле таштандыларды тазалоого көңүлкош мамиле жасаган мэрияга көп сын айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG