Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов саясий партияларды стадиондорго эл топтоп жыйын өткөрбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазды.
С. Султанов Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо партиялардын бири өткөргөн жыйындын сүрөтүн көргөнүн, адамдар жашыл майсаң талаасын таптап жатканын жазды. Мындан улам партияларга жыйындарды стадиондо өткөрбөөнү сунушталууда.
Ал ошондой эле Ош шаарындагы стадион Кыргызстанда футбол оюну үчүн мыкты жашыл майсаң талаасы менен таанымал экенин белгиледи. (ECh)