Казак валютасы эркин соодага чыгарылары менен куну кетип, учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 20 тыйындан сатып алынып, 30 тыйындан сатылууда.
Казакстан буга чейин атайын коридордун алкагында, акча курсун бир долларга карата 180-195 теңге өлчөмүндө кармап келген. Бүгүн казак өкмөт башчысы Карим Масимов акча курсун мындан ары базардагы суроо-талап, ички жана сырткы макроэкономикалык факторлор аныктай турганын жарыялаган.
Ошол эле учурда Казакстанда массалык доллар сатып алуу башталып, ал АКШ валютасынын кымбатташына алып келди. Доллар Кыргызстанда да көтөрүлүп, доллар 64 сомдон сатыла баштады.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов муну базардагы суроо-талапка байланыштырууда. (МТо)