Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

АКШ мунайы кескин арзандады


Шаршембиде Нью-Йорктогу биржада мунай кескин арзандап, 6 жылдан берки эң төмөнкү чекке жетти.

Учурда Түштүк Техас мунайынын 1 баррели 40,8 доллардан сатылууда. Citigroup корпорациясынын талдоочулары баа дагы түшүп, 1 баррель 32 долларга чейин жетишин болжолдошууда.

Талдоочулар мунун себебин кампаларда мунай күтүлбөгөн өлчөмдө көбөйүп кеткендигине байланыштырышат.

АКШ кара майы июндан бери 30 % арзандады. Ошол эле убакта Жакынкы Чыгыш менен Африка мунай өндүрүшүн токтотпой келет.

XS
SM
MD
LG