Египет борборунда бомба коюлган автоунаанын жарылуусунан коопсуздук кызматтарына караштуу имараттын бет маңдайындагы дубал кыйрап түштү, имараттын өзүнө жана айланадагы имараттарга да зыян тийди. Жардыруудан кеминде алты полиция кызматкери жаракат алганы кабарланууда, өлгөндөр тууралуу маалымат түшкөн жок.
Социалдык тармактын колдонуучулары жазышкандай, жарылуу күчтүү болгондуктан анын үнү 10 чакырым алыстыкта угулган.
Египет бийликтеринин айтуусунда, бомба салынган унаа коопсуздук кызматтарынын бет маңдайына атайылап токтотулуп, дүрмөткө аралыктан башкаруу аркылуу келтирилген.
Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. (UE)