Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Бабанов: Ташиев экөөбүздөн башкасы “кудай урсун” деп ант беришти


“Республика – Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” курган маегинде Камчыбек Ташиев экөөнөн башка талапкерлердин баары “кудай урсун” деп ант бергенин ырастады. Айтымда, талапкерлер аймактардан жетиштүү добуш топтой алышпаса ордун башкаларга бошотуп беришет.

Бул үчүн талапкерлерден сөзүмө турам, турбасам “кудай урсун”, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” деген видео ант алынган. Буга чейин аталган анттын тексти интернетте тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

“Республика – Ата-Журт” партиясы БШКга 185 талапкердин тизмесин жөнөткөн. Анда Бабанов 1-орунда, Ташиев 41-орунда катталган. Партия жетекчисинин ырасташынча, 150-орунга чейинкилердин баары бирдей, ким көп добуш алса мандат алат. Алдыңкы катарда туруп жетиштүү добуш албагандар мандаттан баш тартышат.

Шайлоо мыйзамы боюнча партиялардын курултайында бекиген тизме шайлоодон кийин өзгөртүлбөйт. (UEz)

XS
SM
MD
LG