Жалал-Абад шаарындагы облустук төрөтканада 33 жаштагы Айсалкын Пазылбаева 19-август күнү салмагы 7 килограмм балканактай уул төрөдү. Бул анын бешинчи баласы. Дарыгерлер учурда эне-баланын абалы дурус экенин билдирди. Айсалкын Пазылбаева 2012-жылы төртүнчү кызын 5 килограмм 200 грамм салмакта төрөгөн.
3 жыл мурда Кытайда 7 килограмм бала төрөлүп Гиннес китебине кирген. Ал эми дүйнөдөгү эн чоң бала 1879-жылы АКШнын Огайо штатында туулуп, анын салмагы 10,8 килограммга жеткен. (RsK)