Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Македония чек арасында өзгөчө абал жарыялады


Македония менен Грециянын чек арасына топтошкон мигранттар. 20-август, 2015-жыл.
Македония менен Грециянын чек арасына топтошкон мигранттар. 20-август, 2015-жыл.

Өкмөттүн бул чечимине байланыштуу Грециядан Еврошаркеттин башка мамлекеттерине өтүү аркетинде Македониянын чек арасына кирүүгө умтулган мигранттардын жолу торолууда.

Учурда Македониянын Гевгелия шаары менен Грециянын ортосундагы чек ара аймагына миңдеген мигрант жыйналды. Полицияга Сербияны карай поездге түшүү үчүн адатта Гевгелия шаарынын темир жол станциясын карай жөө келүүчү мигранттарды токтотуу буйругу берилди.

Грециянын Салоники шаары менен Македониянын борбору Скопьени байланыштырган темир жол каттамын болсо бир нече миң мигрант өздөрү тороп салды.

Чек аранын грек тарабында эки жүк ташуучу, бир жүргүнчү поезддин жолу жабылып турат. Македония - Евробиримдиктин аймагына Греция аркылуу кирүүгө умтулган мигранттар жолундагы транзиттик өлкө.

Акыркы бир айда эле Македония аркылуу Сирия менен Ооганстандан чыккан 39 миң мигрант өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG