Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ошто “Көңүл бургула, балдар!” рейди башталды


Ош шаарында 20-августтан 20-сентябрга чейин “Көңүл бургула, балдар!” аттуу бир айлык рейд башталды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Рейддин алкагында көчөлөрдө жол эрежесин сактоо тууралуу үгүт-насаат жарнактары илинип, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга эскертмелер чапталат. Бул аралыкта жол кайгуул кызматкерлери көчөтүлгөн тартипте иштейт.

Ош шаарында акыркы жети айда балдар катышкан 51 кырсык катталып, үч тестиер каза болгон, 51 бала жаракат алган. Өткөн жылдын жети айында 45 жол кырсыгы катталып, бир бала көз жумган эле. (YI)

XS
SM
MD
LG