Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыйноого кабылган жарандар маалымат-жыйын курушат


Милиция жана жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган жарандар бүгүн Бишкекте маалымат жыйын курушат. Алар жактоочуларынын коштоосунда башынан кечирген зомбулуктар тууралуу айтып бермекчи. Жыйынды Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор уюштурууда.

Кыргызстанда камак жайларын көз карандысыз көзөмөлдөө программасы кабыл алынып, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөнүнө карабай, күч кызматкерлеринин өкүмзорлугу токтобой жатканын жергиликтүү укук коргоочулар жана эл аралык Мунапыс уюму да белгилейт.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкө боюнча 220 адамдан кыйноого кабылганы тууралуу арыз түшкөн. Анын ичинен 49 билдирүү боюнча кылмыш иши козголуп, 8 факты сотко өткөрүлүп берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG