Күйөөсүн бычактап, дене мүчөлөрүн жиликтеген деп шектелген 26 жаштагы Айдай Субанованы сот эки айга тергөө абагына камады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди.
Кылмышка шектүү келин 18-августта кармалган. Милициянын маалыматында ал 12-августта жасалган кылмышты толугу менен мойнуна алган. Тергөө жүрүшүндө чыр үй-бүлөлүк маселеден улам чыкканы, шектүү келин Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү экени белгилүү болгон. 34 жаштагы маркум ишкерлик менен алектенген. Алардын үч жана төрт жаштагы эки баласы бар.
17-августта шаардагы таштанды челектен эркек адамдын башы жана башка дене мүчөлөрү табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. (UEz)