Украин президенти Петро Порошенко өлкөдөгү коомдук ишмерлер менен жолугушууда согуш шартында "бир тууган эл" тууралуу сөз болушу мүмкүн эместигин билдирди. Порошенко муну орус президенти Путиндин "орустар менен украиндер бир эл, бирок Украина тышкы башкарууда калды", - деген сөзүнө жооп кылып айтты.
"Согуш учурунда эч кандай бир тууган эл болбойт. Европага умтулган бирдиктүү украин эли менен терең кризиске кабылган орус эли бөлөк", - деди украин президенти.
Владимир Путин 17-августта Крымга жасаган иш сапары учурунда орустар менен украиндерди бир калк деп эсептерин, болочокто Украина Орусия менен бирге өнүгүү жолун тандарына үмүт артарын айткан эле. Ал ошондой эле "украин өкмөтүнө чет элдиктерди алып келүү маскаралык" деп билдирген.