Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

ИИМ: Бишкектеги Киев-Турусбеков көчө кесилишинен бомба табылбады


Бишкектеги Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен бомба табылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Аталган көчөлөрдүн кесилишинде “шектүү чемодан” калтырылганын шаар тургундары билдиришкен.

“Бизге бир канча адамдан чемодан тууралуу билдирүүлөр келип тушкөндүктөн, Киев-Турусбеков көчөлөрүн курчоого алганбыз. “Шектүү чемодан” текшерилди, бомба табылган жок. Ошентсе да, тургундар өз коопсуздугун ойлоп, милицияга кайрылып жатканы жакшы көрүнүш”, -деди Казабаев. (МТо)

XS
SM
MD
LG