Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Ош: Казакстан жараны жасалма акча менен кармалды


Казакстандын жараны Ош шаарындагы чакан дүкөндөн соода кылып, долларын сомго алмаштырууга аракет кылган жеринен кармалды. Кармалган учурда анын жанынан жасалма 500 АКШ доллары чыккан. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Тергөө учурунда “Баалуу кагаздарды жасоо жана сактоо” беренеси боюнча айыпталып жаткан жаран жасалма долларды уйгур кишиден алып, 1100 долларын сарптаганга үлгүргөнүн билдирген.

Учурда ал Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайында камакта. Тергөө анын башка кылмыштарга да тиешеси болушу ыктымал деп, кармалган жаран тууралуу маалыматтарды Казакстандан суратууда. (YI)

XS
SM
MD
LG