Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы өткөн Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандагы Чорку айылынын тургундары 15-августта жергиликтүү деңгээлде өз ара келишимге кол коюшту.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова кабарлады.
“Келишимге ылайык, алар сууну бурганы биз жакка өткөндө эки өлкөнүн чек арачыларынын макулдугу менен, үч гана киши өтө алат. Мындан тышкары, кыргызстандыктардын көрүстөнгө барчу жолу үч жарым метрге кеңейтилди”, - деди Өсөрова.
Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында 3-4-августтарда кыргыз-тажик жарандары ортосунда чыр чыгып, таш атышуу болгон. Андан бир топ адамдар жаракат алып, үй оокаттарына зыян келтирилген.
Мурдараак тажикстандыктар кыргыз тараптын көрүстөнгө барчу жолун торогон. Жооп катары кыргызстандыктар тажик тарапка кетчү сууну бууган. Мунун айынан чыккан чырды өкмөттөр аралык топ сүйлөшүп, жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечкен эле. (МТо)