Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

"Лукойл" Казакстандагы акциясынын 50 пайызын сатты


Орусиядагы жеке менчик эң ири мунай компаниясы Казакстанда мунай өндүрүү менен алектенген Caspian Investment Resources (CIR) компаниясындагы акция пакетин сатуу аяктаганын билдирди. "Лукойлдун" маалымат кызматынын кабарлашынча, акциянын 50 пайызы Кытайдын Sinopes мунай химиясы корпорациясына 1,09 миллиард долларга сатылды.

Теңиз, Карачаганак жана Кум-Көл кендеринен мунай өндүргөн "Лукойл" компаниясы Казакстандын мунай тармагындагы Орусиянын эң ири оюнчусу. Былтыр "Лукойл" менен Sinopec баасы 1,2 миллиард долларга тете баштапкы келишимге кол койгон. Бирок Sinopec келишимди бүтүрүүдөн баш тарткан соң, «Лукойл» арбитраждык сотко кайрылган.

CIR чалгын жана өндүрүү компаниясы 1993-жылы түзүлгөн. Ал "Лукойлдун" энчисиндеги компания катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG