Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Балыкчыда кичи шаарлардын спартакиадасы башталды


Спартакиаданын катышуучулары. 21-август. 2015-ж. Балыкчы шаары.
Спартакиаданын катышуучулары. 21-август. 2015-ж. Балыкчы шаары.

Бүгүн, 21-августта Балыкчыда Кыргызстандагы кичи шаарлардын муниципиалдык кызматкерлер арасында II спартакиада башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Анын ырасташынча, мелдештер кол күрөш, волейбол, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, аркан тартышуу, стритбол жана тогуз коргоол деп аталган спорттун спорттун тогуз түрүнөн өткөрүлөт.

Байгелер райондук жана облустук деңгээлдеги шаарлардын кызматкерлери арасында өз өзүнчө ойнотулуп, оюндар 25-августка чейин уланат. Муниципиалдык кызматкерлердин спартакиадасы былтыр алгачкы жолу Талас шаарында өткөн. Бул оюндарга республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларынын кызматкерлери катышпайт. Мелдешке 16 шаардан 600 катышуучу ат салышып жатат. (ECh).

XS
SM
MD
LG