Жер жүзүндө абанын температурасын ченөө башталгандан бери өткөн июль айы эң ысык мезгил болду. Ошондой эле быйылкы 2015-жыл да Жердеги эң ысык жылдын бири болуп жатканын АКШнын мухиттик жана атмосфералык изилдөөлөр боюнча Улуттук башкармалыгы жарыялады. Дүйнөдө аба температурасын өлчөө расмий түрдө 1880-жылдан тарта башталган.
Изилдөөлөргө ылайык, өткөн айда Жер жүзүндө орточо температура 16, 61 градусту түзүп, быйылкы жылдын жети айындагы температура 2010-жылдагы 0,09 градустук буга чейинки рекорддон ашып түштү. Адистер мунун себебин өндүрүштүк газдын көбөйүшүнөн көрөт.
Быйыл жыл соңунда Парижде БУУнун глобалдык климат боюнча жыйыны өтөт. Жердеги орточо температура жогорулашынын алдын алуу чаралары боюнча конвенцияга кол коюу - жыйындын күн тартибиндеги маселелердин бири болмокчу.