Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Савченконун сотун Москвага которуу өтүнүчү четке кагылды


Надежда Савченко сот залында.
Надежда Савченко сот залында.

Орусиянын Ростов облустук соту украин учкучу Надежда Савченконун ишин кароону Москвага которуу боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот бүгүн Савченконун соту аталган облустун Донецк шаарында өтөрү тууралуу чечим чыгарды.

Былтыр жайында Донбасста орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө катышкан жана чек араны мыйзамсыз бузган деп айыпталып жаткан украин учкучу Надежда Савченконун соту өткөн айдын соңунда Орусиянын Украина менен чек арасындагы Донецк деген чакан шаарда башталган. Бирок сот адовкаттардын ишти Москвага которуу өтүнүчүн кароо үчүн убактылуу токтоп, иш кайсы шаарда караларын облустук сот чечмек болгон.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, 34 жаштагы Савченко 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен аны орусиячыл жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет. Украин бийлиги да ушундай эле ойдо. Украин президенти Порошенко Савченкону "Эрдик үчүн" ордени менен да сыйлаган.

XS
SM
MD
LG