Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Алматыда автосалондор ишин жандантты


Алматыдагы автоунаалар.
Алматыдагы автоунаалар.

Алматыдагы айрым автосалондор машине сатуусун бүгүн кайра жандантты. Кечээ теңгенин куну кескин түшүп кеткендиктен алар ишин токтотуп койгон эле. Шаардагы автосалондордун сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери доллардын өсүшү менен унаа баалары да кымбаттаганын, анткени машинелердин баасы доллар же еврого байланганын айтат.

Кечээ казак өкмөтү теңгенин баасын экрин кое берүү чечимин кабыл алып, казак улуттук валютасы 30 пайыздай арзандап кеткен. Теңгенин түшүүсүнө дүйнөлүк базарда мунай арзандашы жана Орусияда рублдин кескин ылдыйлап кетиши себеп болгону айтылууда.

Бүгүн кечке жуук казак акчасынын долларга карата орточо катышы 237, 66 теңгени түздү. Кечээ Казакстанда бир доллардын сатыктагы курсу 255 теңгеге чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG