Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Орусияда дагы бир уюм чет элдик агент деп таанылды


Орусия бийлиги Чеченстанда жайгашкан "Адам укугун коргоо борбору" бейөкмөт уюмун "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Юстиция министрлигинин бүгүнкү кабарына караганда, аталган уюмду текшерүү иштери аны ушундай тизмеге киргизүүгө мажбурлаган. Грозныйда жайгашкан бул бейөкмөт уюм ушуну менен Орусияда "чет элдик агент" тизмесине кирген 87-уюм болуп калды.

Орусияда 2012-жылы кабыл алынган "Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу" мыйзамга ылайык, саясий иштер менен алектенген жана сырттан каржылык колдоо алган уюмдар "чет элдик агент" катары кайра катталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG