Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Грецияда ультра-солчул депутаттар жаңы партия түзөт


Грецияда азыр башкаруудагы "Сириза" партиясынын бир канча мүчөсү "Элдик биримдик" деген жаңы партия түзгөнү жатат. Аталган партиянын лидери Алексис Ципрас кечээ өкмөт башчылыктан кеткен. Жаңы партияны эл аралык кредиторлор менен жаңы келишимге каршы болуп келген мурдагы энергетика министри Панайотис Лафазани жетектемекчи. Күтүлүп жаткандай ага парламенттин 25 депутаты кирсе ал грек парламентиндеги үчүнчү ири партия болуп, өкмөттү түзүүгө катыша алат.

Эл аралык кредиторлор өткөн аптада Грецияга 86 миллиард евро берүүгө макулдашкан. Ага жооп катары өлкө жакынкы үч жылда салыктарды көтөрүп, чыгымдарды кыскартыш керек. Ага парламенттин көпчүлүк депутаттары каршы чыгышкан.

Грецияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 20-сентябрда өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG