Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Чек арадагы чыр-чатактар боюнча атайын топ ишке кирди


Ош чек ара отрядынын базасында чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча атайын топ ишке кирди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түзүлгөн топ чек ара тилкелери аныкталбаган аймактарда жарандарга чектеш жерлерде өзүн өзү кантип алып жүрүү керектиги жана кырдаал тууралуу маалымат берүү максатында түзүлдү. Топ чек арада кооптуу жагдайлар түзүлгөн учурда абалды жөнгө салууга да көмөктөшөт. Анын курамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара аймагында жашаган тургундар, күч түзүмдөрү кирет.

ЕККУ долбоорунун алкагында түзүлгөн бул топтор Жалал-Абад облусунда ишке кирген, жакында Таласта дагы ачылуусу пландалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын эл көп отурукташкан 470 чакырымы такталган эмес. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG