Түркияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 1-ноябрда өткөрүлөт.
Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган 21-августта шайлоого чейин убактылуу өкмөт иштеп турарын айтты. Ал келерки жумада премьер-министр Ахмед Давутоглуга өкмөттүн курамын түзүүнү сунуш кылганы белгилүү болду.
23-августта коалиция түзүүгө берилген мөөнөт соңуна чыгат. Президенттин Адилет жана өнүгүү партиясы (АК) оппозициялык партия менен коалицияга бириге албады.
Президент түптөгөн АК партиясы 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо бийликке келген 2002-жылдан бери биринчи жолу коалициялык көпчүлүктү түзө албай калган. Мындан улам оппозиция менен сүйлөшүүгө аргасыз болгон.