Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Сатуудан түшкөн салык жоюлбайт


Экономика министрлиги сатуудан түшкөн салыкты жоюу демилгесин колдогон жок. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

"Салыкты жойсок, анын ордуна киреше алып келе турган булак табыла элек" деген Иманалиев, мыйзамдын айынан бюджетте тартыштык күчөрүн билдирди. Министрликтин маалыматында, 2016-жылы мамлекеттик казына 6 млрд. сомго жакын жоготууга учурары божомолдонууда.

Сатуудан түшкөн салыкты жоюу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демилгелеген. Ага ылайык экспорттук товарларга 2016-жылдан баштап, сатуу салыгы жоюлушу керек эле.

21-августта өкмөт чыгашанын альтернативдүү жолу табылбаганына байланыштуу, долбоорду колдоо тапкан жок. (SDz)

XS
SM
MD
LG