Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Мамкызматкерлердин штаттык орундарына мораторий киргизилет


Премьер-министр Темир Сариев 21-августтагы өкмөттүн отурумунда мамлекеттик башкаруудагы штаттык орундарга мораторий киргизүү боюнча документке кол коюу алдында турганын айтты. Премьер-министр экономика жылына 5 пайызга өсүп жатканда, мамлекеттик кызматкерлердин маянасына жумшалган каражат 20 пайызга көбөйүп жатканын билдирди.

Акы төлөө фондунун акчасы былтыркы жылга салыштырмалуу 119 пайызды түзгөн. Айлыктарды көтөрүү чечими болжолдуу финансылык баа менен өлчөнбөй, каржылоо булагы табылбай эле ишке ашууда. Ушундан улам мамлекеттик кызматкерлердин санын көбөйтүүгө тыюу салган мораторий демилгеленди. Жакын арада мен токтомго кол коём, - деди Сариев.

Премьер-министр өкмөттүн жаңы жана чакан структурасы түзүлүшү керектигин айтып, министрлик жана ведомстволорду кыскартуу зарылдыгын белгиледи. 2016-жылы акы төлөө фондунун каражаты 41 млрд. сомго жетери айтылууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG