“Пенсионерлер”, “Кыргыз Ата” жана “Багыт” партиялары “Аруу Эл” партиясына биригип, парламенттик шайлоого барат. Бул тууралуу аталган партия өкүлдөрү Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында кабарлашты.
Маалым болгондой, “Аруу Эл” саясий партиясын Рустам Жунушалиев жетектейт. Андан кийин Таалайбек Кулмендеев, Медербек Итибаев, Төлөгөн Келдибаев, Жийдегүл Арпачиева, Аликен Шаршеналиев, Замира Шабданалиевалар алдыңкы тизмедеги талапкерлер. Учурда партия 25 талапкердин гана тизмесин жарыя кылды. (TSh)