Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Чычкандагы өрттүн сексен пайызы өчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанга тиешелүү МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен тоонун жөө киши чыга албас аймагына отуз адам жеткирилди. Бүгүнкү күндө өрт болуп жаткан жалпы аянттын сексен пайызы өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 800гө жакын адам тартылган.

Чычкан капчыгайындагы тилсиз жоо ушул жылдын 13-августунда башталган, андан бери 120 гектарга жакын кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өрт киши жеткис бийик тоодо болгондуктан Казакстандан МИ-26 тик учагын жардамга чакырышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG