Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

БШК: сегиз партия талапкерлер тизмесин тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясына учурда парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин сегиз партия тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКдан маалымдашты.

Тизмесин тапшырган партиялар “Азаттык”, “Республика Ата-Журт, “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП жана "Аалам".

Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлер тизмесин тапшыруусу шарт. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага ондон ашык партия ат салышары күтүлүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG