Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Журналисттерди коргоо комитети Исмаилованы бошотууну талап кылды


Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети азербайжан бийлигин журналист Хадижа Исмаиловага каршы соттук куугунтукту токтотуп, камактан бошотууга чакырды.

Уюмдун өкүлү Нина Огнянова Бакуда “сот системасын мазактоо болду” деп билдирди.

21-августта Бакуда жабык өткөн сотто прокурор журналист Хадижа Исмаилованы тогуз жылга эркинен ажыратууну талап кылган. “Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптар тагылууда. Журналист өзүнө тагылган бул айыптар саясий негизде экенин, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн кекенип калганын айтып келет.

Кийинки сот иши 26-августка белгиленди. Хадижа Исмаилова былтыр декабрдан бери камакта. Ал президент Илхам Алиев менен анын үй-бүлөсү аралашкан коррупциялык схемаларды иликтеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG