Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Украинанын чыгышында абал курчуду


Широкино айылы
Широкино айылы

Украинанын улуттук маалымат агенттигинин жазышынча, жикчилдер өкмөт күчтөрү турган чекке чейин кирип келип аткылоодо. Бүгүн эртең менен Украина чыгышындагы Широкино менен Богдановка аткыланган. Мындан Луганск облусунун бир тургуну жана бир украиналык аскер кызматкери жарадар болгон.

Луганск облустук аскер-жарандык администрациясы жикчилдер кечээ, 21-августта Попасный, Золотое, Валуйскийди жана Троицскийдин чет жагында ок чыгарышканын маалымдады.

Украинанын атайын операция жүргүзүү штабынын пресс-борбору Фейсбуктагы баракчасына жикчилдер чектеш аймактан украин тарапка чабуулду күчөткөнүн жазды. Донецк облусунда кечинде жана түнкүсүн Пески, Красногоровка, Марьинка аймактары минометтон аткыланган.

Жалпысынан жума күнү жикчилдер ок атышууну токтотуу режимин 102 жолу бузган.

Ишембиге караган түнү Николаевкадагы украин аскерлерине жардам берген “Ыктыярчылар борборунда” жарылуу болуп, эч ким жабыр тартпаганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG