Бишкекте баскетболдун стритбол (үчкө үч) түрү боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу өтүүдө. Баскетбол федерациясынын баш катчысы Тимур Толканбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан 60 команда катышууда.
Чемпиондуктун оюндары жекшемби күнү да уланып, жеңүүчүлөр жаш курагына жараша 16, 18 жана 18 жаштан жогоркулар арасында аныкталат. (ECh)