Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ошто Камоловдун социалдык тармактагы сүрөтүнө "жакты" белгисин койгон жаран сурак берди


Оштун Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну Абдулах Нурматов Одноклассники социалдык тармагында экстремизмге айыпталып жаткан имам Рашод Камоловдун сүрөттөрүнө "жакты" (класс) белгисин басканы үчүн милицияга сурак берди.

Нурматовдун атасы Мамыржан Нурматовдун айтымында, милиция кызматкерлери анын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бир канча сүрөткө "жакты" белгисин (класс) кыйнап бастырып, түшүнүк жаздырып алышкан. "Андан соң Сирияга телефон чалдырып, ал жактан маалымат алууга баламды пайдаланышкан",- дейт Мамыржан Нурматов.

Ош шаардык милициясы бул дооматтарды четке кагууда. Анын маалыматында, аталган жаран көптөн бери күч кызматынын байкоосунда жүргөн жана дайыма социалдык тармактарда диний радикализмге мүнөздүү маалыматтарды бөлүшүп келген. Милицияга 20-август күнү алынып келген кезде телефонунан ошондой маалыматтар чыккан. Учурда Абдулах Нурматовдын иш-аракетин текшерүү үчүн чогултулган маалымат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Рашод Камалов Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы болгон. Учурда ал экстремизмге чакырык жасаган, Сирияга адамдарды жөнөткөн деп айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG