Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Активисттер биригип шайлоого көз салышат


Кыргызстандагы айрым активисттер, журналисттер, эксперттер күзүндө өтүүчү шайлоого байкоо салып, маал-маалы менен жолугуп, талкуулап турушат. Бул тууралуу уюштуруучу Замира Сыдыкова “Азаттыкка” маалымдады.

“Учурда шайлоо жүрүшү башталды, баары эле социалдык тармактарда, интернет сайттарда шайлоо жөнүндө ар кандай пикирлерди тынбай жазып жатышат. Аларды биз чогулталы дедик. Чогулгандар шайлоо жөнүндө ар кандай пикирлерди, терс көрүнүштөрдү, божомолдорду талкууга алабыз”, – деди Замира Сыдыкова

Бүгүн, 22-августта активисттердин алгачкы чогулушу болду. Анда кийинки жолугушуулардын пландары айтылды. Жыйынга калоочулар үчүн эшик ачык, анда айтылган сунуш-пикирлердин айрымдары мамлекеттик органдарга, саясий партияларга жеткирилет. (TSh)

XS
SM
MD
LG