Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Англияда кулаган учактан жети адам каза тапты


Hawker Hunter учагы

Түштүк Англиянын Брайтон шаарындагы чоң унаа жолуна учак кулап, кырсыктын кесепетинен жети адам каза болду. Он төрт адам жаракат алып, алардын ичинде учактын учкучу оор абалда экени такталды.

Полициянын маалыматында, авиашоуго катышып жаткан Hawker Hunter аттуу учак Шорхэм аэропортуна жакын жердеги автобан жолуна кулап түшкөн.

Окуяга күбө болгондордун бири кырсыктын видеосун интернетке жүктөгөн. Анда учак абага тик көтөрүлүп бараткан жеринен жерге кулап түшүп, жарылган.

XS
SM
MD
LG