Чолпон-Ата шаарында 21-22-августта ар улуттун өкүлдөрүнөн турган алтымышка жакын ыр ышкыбозу катышкан фестивал болуп өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар ар кандай жанрдагы кыргыз ырларын аткарып, эки күн бою концерт беришти. Ага кыргыз ырчылары да чакырылган.
Быйыл 14-жолу өтүп жаткан фестивалды Кыргызстандын Эл артисти Юрий Бобков уюштуруп келет. Демилгенин максаты - улуттар аралык достукту чыңдоо, кыргыз тилин өркүндөтүү. (TSh)