Кытайдын чыгышында ишемби күнү химиялык заводдо жарылуу болуп, андан тогуз адам жараат алды. Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Кырсык болгон жерде өрт басыла элек.
Жергиликтүү басылмалар кырсык Хуаньтай аймагындагы Шаньдун провинциясында болгонун, жарылуунун эпкини эки чакырымга чейин сезилгенин жазууда.
Аталган завод адипонитрил деп аталган суюк зат өндүрчү. Ал өрттөнгөн учурда абага уулуу газ бөлүп чыгарат.
12-августта Тянцзин порт шаарындагы химиялык заттар сакталчу терминалда болгон жарылуудан 121 адам каза болуп, жүздөй адам жаракат алган.