Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Атамбаев Абдуллах Гүлдүн уулунун үйлөнүү тоюна барганы айтылууда


Түркиянын айрым басылмалары президент Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн мурдагы президенти Абдуллах Гүлдүн уулунун үйлөнүү тоюна барганы тууралуу жазып чыгышты.

Бирок президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев бул маалыматты тастыктаган жок. Ал тойго баруу пландалганын, бирок президент бир аз сыркоолоп калганга байланыштуу барбай калганын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев 17-августтан 21-августка чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кеткен.

Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүлдүн уулу Ахмет Мунир Гүл 22-август күнү кечинде Хажетеппе университетинин медицина факультетинде окуган Айша Зехра Карадере аттуу кызга үйлөндү.

Стамбулдагы Wow мейманканасында болгон тойдо жаш жубайлардын никесине Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган, парламент төрагасы Исмет Йылмаз күбө болду. Тойго 1,5 миң киши чакырылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG