Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Милиция митингдердин каржыланышын көзөмөлдөөнү сунуштоодо


Ички иштер министрлиги "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар кандай акциялар уюштуруучуларынын жеке эсебинен гана өткөрүлүшүн демилгелеп жатат.

Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, тынч жыйындар чет мамлекеттер, башка өлкөнүн жарандары, юридикалык уюмдар тарабынан каржыланышына тыюу салынат. Мындай иш-чаралардын катышуучулары чет элдиктерден акча албашы керек.

Мыйзам долбоорунда акцияны каржылай тургандар, катышуучулардын саны жөнүндө жергиликтүү бийлик органдарына маалымат берүүсү шарт. Мыйзамга баш ийбегендерге эки миң сом, кызмат адамдарына беш миң сом айып пул салууну сунуштайт.

Парламент тарабынан "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Айрым укук коргоочулар тынч митингди өткөрүү укугу бузулуп жатканын айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG