Мингячевир шаарында полициянын зомбулугуна каршы чыккан митингдин он беш катышуучусу күч кызматкерлери тарабынан кармалды. Демонстранттар менен кагылышуу учурунда төрт полиция жаракат алган.
Нааразылар 20-августа каза болгон 27 жаштагы Бахруз Гаджиевтин тажыясынан кийин акция уюштурган Гаджиевтин жакындары Бахруз полиция кыйноосунан каза болгонун айтышууда.
Ал эми полиция 27 жаштагы шаар тургуну өзүн өзү өлтүргөнүн билдирет. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Гаджиев маңзат таратууга шектелип кармалган. Полиция маркум сурак учурунда капысынан терезеден секирип кеткенин айтууда.