Ушул жылдын 16-августунда Нарын облустук ооруканасына кайрылган эки жаран күйдүргү (cибирь жарасы) оорусуна шектелип жаткырылган. Эки күндөн кийин жарандар уй сойгон Ат-Башынын Сары-Тал жайлоосунан тийиштүү топурак алынып, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында сибирь жарасынын козгогучу табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 20-августтан бери Ат-Башы райондук Өзгөрүш айылынын Сары-Тал жайлоосунда карантин жарыяланды. Учурда Ат-Башы ветеринардык кызматы тарабынан мал ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлүп, уй союлган жер зыянсыздандырылды.
Ал эми Өзгөрүш айылындагы мал сойгон адамдар менен байланышкан тургундарга алдын-ала дарылоо жүргүзүлдү. (TSh)