Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Чатакташкан МАИ кызматкерлери иштен кетиши мүмкүн


Кечээ, 22-августта интернетте пайда болгон Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринин чатагы боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашты. Териштирүүнүн жыйынтыгында окуяга катышкан кызматкерлер жумуштан кетиши мүмкүн. Бирок кызматкерлердин иштеген бөлүмү, аты-жөнү толук атала элек.

Интернетте пайда болгон алты мүнөттүк тасмада Иса аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш аттуу жол кайгуул кызматкеринин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт. Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган. Бул тасма социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. (YI/TSh)

XS
SM
MD
LG